21-декабрда Түркиянын Эскишехир шаарында “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагы жыйынтыкталды. Анда
Азербайжан ырчысы Фарид Гасанов жеӊүүчү деп табылып, байгеге коюлган 20 миң еврону утуп кетти. Ал эми экинчи орунду б
еларустук ырчы Гюнешь Абасова алса, үчүнчү орунду
Украинанын аткаруучусу Фазиле Ибраимова ээледи.
Кыргызстандын атынан катышкан
"Чоро" тобу
жетинчи орунду алды.
Калыстар тобунда сынакка катышкан 24 өлкөдөн бирден өкүл болгон. Кыргызстандын атынан КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун мүчөсү болду.