Кыргызстандагы мектептердин айланасындагы унаанын ылдамдыгы азайды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мектептердин айланасындагы 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол белгисин 40 чакырымдан 30 чакырымга түшүрүүнү сунуштоодо. Бул боюнча маалыматты мекемеден билдиришти.
Билдирмеде мындай сунуш мектеп окуучуларынын коопсуздугун жана дүйнөлүк практиканы эске алуу менен берилип жатканы айтылат.
"Азырынча бул долбоор пилоттук режимде иштелип жатат. Анда Бишкек шаарынын жол жээгине жакын жайгашкан 8 орто мектептин айланасына 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол белгиси орнотулуп, 30 чакырымдан ылдамдыкты ашырган айдоочуларга эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө" деп жазылат мекеме берген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан