Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттуктаган өлкө башчылары

Бүгүн, 9-май Кыргыз жергесинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы майрамдалып жатат. Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн президенттери мамлекет башчысы Садыр Жапаровго куттуктоо телеграмаларын жөнөтүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин куттуктоосу

"Орусия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ. Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын - фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин ыйык сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык достук жана өз ара жардамдашуу салттары биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем", - деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин куттуктоосу

Боордош элдерибиздин жалпы душманга каршы биргелешкен баатырдык күрөшү, чыныгы эрдиктин жана кайраттуулуктун айкын мисалы, кандуу согуштагы жалпы даңктуу Жеңиш алтын тамгалар менен биздин өлкөлөрдүн тарыхында жазылган.

Боорукердик жана урмат көрсөтүү, адамзатты фашизм апаатынан куткарган биздин урматтуу ардагерлерибиз жана ата-бабаларыбыз үчүн жагымдуу шарттарды түзүү азыркы муундун милдети болуп кала берет”, - деп айтылат куттуктоодо.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, прогресс жана бакубатчылык каалады.

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу

"9-май - биздин элдер үчүн жалпы майрам, ал фашизмге каршы, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин тең келбес эрдигинин жана жан аябастыгынын символу катары тарыхта түбөлүккө калды. Ушул жаркыраган күнү биз баатырларыбыздын, өз мекени үчүн өмүрүн берип, коргогондордун элесин урматтап, терең сактайбыз, согуштан кийин талкаланган шаарларды жана айылдарды кайра көтөргөндөрдүн бардыгына таазим этебиз.

Фронтто бир катарда туруп, согуш жылдарынын оор сыноолорун баштан кечирген элдерибиздин достугу жана кебелбес биримдиги Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн ар дайым бекем негиз болооруна ишенем", - деп жазылат Азербайжандын президентинин куттуктоосунда.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу

«Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктоо жолдойм!

Бул күнү биз согуш талаасында жана эмгек фронтунда жеңишке жетишкендерге таазим этебиз. Бул улуу Жеңиш күнү кийинки муундардын жаркын келечегин баары бир кишидей туруп, коргоп келген элдерибиздин баатырдык рухунун жана биримдигинин символу болуп, түбөлүккө кала берет. Согуш жылдарында көрсөтүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да биздин эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем”, - деп айтылат Түркмөн башчысынын куттуктоосунда.

Беларусь президенти Александр Лукашенконун куттуктоосу

"9-май - нацизмге каршы биримдикте күрөшүп, келечек муундар үчүн жашоо жана эркиндик укугун коргогон өлкөлөрүбүздүн элдери үчүн бириктирүүчү дата. Биз бирге болгонубуз үчүн жеңишке жетиштик.

Ата Мекендин баатырларынын эрдиги, кайраттуулугу – түбөлүккө сакталат. Биз аларга эбегейсиз карыздарбыз жана алардын эрдигин эскерүүнүн өчпөс отун сактап, андай кандуу окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек.

Ошол каардуу жылдардын оор сыноолорунан өткөн Беларусь жана Кыргызстан элдеринин бир туугандык достугу узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишенимдүү пайдубал болот деп ишенем", - деп Беларусь президенти куттуктады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу

“9-май даңктуу датасы — биздин элдерибиздин теңдеши жок эрдигинин символу. Бул күнү биз курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, Улуу Жеңишти согуш талаасында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара кармашкан ата-бабаларыбыздын эрдигин, баатырдыгын жана берилгендигин сыймыктануу жана ыраазычылык менен эскеребиз.

Достук, тилектештик жана өз ара колдоонун жакшы салттары келечекте да Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн позитивдүү динамикасын бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем”, - деп айтылат Рахмондун куттуктоосунда.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу

Бул тарыхый этап – биздин жалпы эс тутумубуз жана кайгыбыз, жалпы байлыгыбыз жана Улуу Жеңиш үчүн сыймыгыбыз.

9-майда биз согуш талааларында жана эмгек фронтунда Жеңишке жетишкендердин ысымдарын эстейбиз. Биз тирүүлөрдү урматтап, келечек муундар үчүн тынчтык үчүн өз өмүрлөрүн кыйган баатырлардын жаркын элесине таазим этебиз”, - деп жазылат Назарбаевдин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан