Армения ЖККУнун ишмердүүлүгүн каржылоону токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян билдирди.
"Армения 2023-жылдын 23-ноябрындагы «ЖККУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө» чечимге кошулуудан жана ошону менен уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоого катышуудан баш тартат", - деди Бадалян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян февралда өлкөнүн ЖККУга катышуусу тоңдурулганын билдирген. Азербайжандын аскердик операциясынын натыйжасында Тоолуу Карабах Республикасы жоюлгандан кийин Пашинян ЖККУнун бир катар иш-чараларына, анын ичинде Минсктеги ноябрда өткөн саммитке катышкан эмес.