Бишкекте салт болуп калган аскер боткосу таратылууда (видео)

Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленип жатат. Анын алкагында Панфилов сейил багында калаанын конокторуна жана тургундарына салт болуп калган аскер боткосу таратылууда.

Мындан тышкары борбордун райондорунда да иш-чаралар уюштурулат. Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программанын коштоосунда майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.

Видео: Бишкек мэриясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан