Эртең, 10-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад өрөөнүнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл региондорунун айрым жерлеринде жаан жаап, күндүн күркүрөшү болжолдонду.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13… + 18, күндүз +20… + 25,
Талас облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 17 … +22
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13… + 18, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +20… + 25
Нарын облусунда түнкүсүн +6… + 11, күндүз + 21…+26.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.