Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктап, Кыргызстанга кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун 7-9-майда Орусия болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кечээ, 8-майда Москвадагы Чоң Кремль сарайында Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына карата өткөрүлгөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.

Ага ылайык, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери - Куба менен Өзбекстандын президенттеринин катышуусунда өттү.

"Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты, андан кийин бир катар документтерге, чечимдерге кол коюп, кабыл алышты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Садыр Жапаров 9-майда иш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата аскердик парадга катышты.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун иш сапары аяктап, 9-майда Бишкекке кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан