Чолпон -Атадагы сейил бакта скульптуралык композиция ачылды

Чолпон-Ата шаарында жаңы ачылган эс алуу сейил багында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элесин чагылдырган көркөм скульптуралык композиция ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 9-майда өткөн иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев жана шаар тургундары катышты.
"Эс алууга келгендер эми сейил бактан "Делбирим", "Кылым карытар бир күн", "Эс-тутумун жоготкон", "Сары-Өзөктүн ачуу жаңырыгы", "Кыямат", "Дөнөнбай кушу тууралуу уламыш", "Толгонай", "Нургазы", "Танабай", "Султанмурат", "Данияр менен Жамиля", "Биринчи мугалим" жана башка чыгармалардагы каармандары көрүп, эстетикалык ырахат алып, Айтматовдун чыгармаларын дагы жакындан биле алмакчы", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, аталган сейил бак президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен салынган.
Маалымат үчүн: Сейил бактын жалпы аянты 16 гектарды түзөт. Анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Сейил бак Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан