Өлкөнүн Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммед менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Билдиргендей, жолугушуу 7-майда Нью-Йорк шаарында болуп, Кыргыз мамлекети менен БУУнун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланган.
Анда алар былтыркы жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарып, быйылкы жылга карата өз ара аракеттенүү пландарын, алдыдагы иш-сапарларды, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясын, Келечек саммитин, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Бонн конференциясын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 29-сессиясын белгилешкен.
Ошондой эле сүйлөшүүдө Исаев кыргыз тараптын демилгелери жана "Тоолор жана Климат" жаңы глобалдык диалогун БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын жылдык күн тартибине киргизүү боюнча иш-аракеттери тууралуу маалымат берген.
Өз кезегинде Амина Мохаммед эл аралык аренада тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү Кыргызстандын лидерлик ролун белгилеген.
Белгилей кетсек, өлкө делегациясы БУУнун токойлор боюнча форумунун 19-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барган.