Таалайбек Ибраев Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри менен жолукту

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Сеул шаарында Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Джин ХАН менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Билдиргендей, министрдин алгач жолугушуусу Кореянын "Starkoff Co., LTD" компаниясынын президенти Терри Ан менен болуп, буга чейин кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумду ишке ашыруу максатында жол картасына кол койгон. Аталган документ "Starkoff Co., LTD" компаниясы өндүргөн акылдуу эсептегичтерди, электромобилдерди заряддоочу станцияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен тажрыйба алмашууга багытталган.
Мындан тышкары Ибраев Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Джин ХАН менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашкан.
Талкууланган маселелер:
  • Кыргызстандагы шаарлардын экологиясын жакшыртуу;
  • Таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводдорду куруу маселеси жана андан электр энергия, газ өндүрүү;
  • Гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестиция тартуу;
  • Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык каражаттарды бөлүү;
  • 2024-жылдын 10-11-июнунда Венада өтө турган инвестициялык форумга чакыруу.

"Министрдин иш сапарынын негизги максаты Кореянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөнүн энергетика тармагына инвестицияларды тартуу болду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Энергетика министрлиги Таалайбек Ибраев Сеул шаарына 7-майдан 11-майга чейин Ва Джин ХАН айым менен соода, өнөр жай жана энергетика министри Ан Дук Гендин чакыруусу боюнча барганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан