Бишкек мэриясы 14-майда калаанын айрым жерлеринде убактылуу суу берилбей турганын бүгүн, 10-майда маалымдады.
Ага ылайык, мындай чектөө шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилгени айтылат.
14-майда саат 9:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү дарактерде таза суу берүү токтотулат:
Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев;
Жал-15 кичи району, 30.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.