Кыргыз элчиси Анарбаев Малайзиянын Жогорку билим берүү министри менен жолукту

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев аталган өлкөнүн Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 8-май күнү Куала-Лумпур шаарында болуп, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланган.

"Элчи Анарбаев Малайзиянын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын жарандарынын билим алууга кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнөн келген студенттер үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүүнүн максатка ылайыктуулугун, Малайзиянын ЖОЖдорундагы кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн, билим берүү тармагында мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуунун зарылчылыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан