Министр Кулубаев Василий Шестаковго "Достук" орденин тапшырды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык самбо федерациясынын президенти, Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Василий Шестаковго "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Шестаковго мамлекеттик сыйлык Кыргызстандын спорт тармагына кошкон салымы үчүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган.

"Министр Кулубаев аны сыйлыгы менен куттуктап, эки өлкөнүн достук жана союздаштык мамилелерин чыңдоо боюнча милдеттерди ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Шестаков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланганы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалады", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик сыйлыкты Кулубаев 8-майда Москва шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында тапшырганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан