Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга келет

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт. Биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот.

Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат”, - деди Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан