Бразилиядагы суу ташкынында каза болгондордун саны 100дөн ашты

Бразилиядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 107 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар аталган өлкөнүн жарандык коргонуу кызматына таянып жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, 2-майда Бразилиянын Риу-Гранди-ду-Сул штатында жааган нөшөрлүү жамгырдан улам дарыялар ташкындап, шаарларды суу каптаган.

Жазылган маалыматка ылайык, табият кырсыгынын кесепетинен 300 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Алдын ала маалыматтарда 734 адам жаракат алып, 130 адам дайынсыз болуп жатканы айтылат.

Штат бийлиги жаратылыш кырсыгында келтирилген зыяндын көлөмү 1 миллиард долларды түзөт деп эсептеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан