"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК банкирлер үчүн интеллектуалдык таймаш өткөрдү

Бүгүн, 10-майда Кыргызстанда расмий түрдө Улуттук валютанын жана Банк кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул майрамдардын урматына Банктар аралык процессинг борбору ("Элкарт" Улуттук төлөм системасынын оператору) банкирлер үчүн "МОЗГОБОЙНЯ-QUIZ – 2024" интеллектуалдык оюнун уюштурду.

"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому майрамды кесиптеш өнөктөштөрү менен экинчи жолу ушундай форматта белгилеп жатат. Бул жолу чемпиондук наам үчүн 17 каржы институтунан 85 окумуштуу ат салышты.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК башкармалыгынын төрайымы Каныкей Жамангулова банк тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бардыгына маңыздуу жана кызыктуу оюн, таза мелдеш жана ийгилик каалады.

Оюн жогорку деңгээлде өттү. Ар кайсы чөйрөдөн келген кызыктуу жана күтүүсүз келген суроолор эч кимди тажаткан жок. Курч жана адилеттүү өткөн таймаштын жыйынтыгында "Керемет" банкынын командасы 3-орунду, Улуттук банкы экинчини багындырса, "Бакай Банк" командасы баш байгени жеңди.

"Банктар аралык процессинг борборунун" жамааты бардык банкирлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт жана чын жүрөктөн аларга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук, кызыктуу долбоорлор, акылман финансылык чечимдер жана бардык пландарын ишке ашырууда ийгилик каалайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан