Санкт-Петербургда автобус жүргүнчүлөрү менен дарыяга түшүп кетти (видео)

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жүргүнчүлөрдү салып бараткан автобус Мойка дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, автобуста 20дай адам болгон. Кырсыктан бир адам каза болуп, бешөө ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле окуя болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканын, айдоочусу тирүү кармалганын жазышууда.

Видеодон автобус жолдогу эки унааны сүзүп, көпүрөнүн тосмосун бузуп өтүп, сууга түшүп кеткенин көрүүгө болот.

10.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан