Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева райондук, шаардык билим берүү бөлүм\башкармалыктарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, жыйында министр ар кандай иш-чараларды билим берүү уюмдарынын аймагында гана өткөрүп, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Ага ылайык, министр башкармалык башчыларына 12 жылдыкка өтүү боюнча пландарын иштеп чыгууну, ар кандай акча жыйноолорду токтотууну, мектепке чейинки билим берүүнү 40 пайызга жеткирүү боюнча иштерди алып баруу керектигин айтты.
"Ошондой эле “Акыркы коңгуроо” салтанатында жана “Алтын тамга”, Жалпы республикалык тесттерин өткөрүүдө коопсуздукту кароону тапшырды", - деп айтылат маалыматта.