Биз социалдык тармакта

"Акыркы коңгуроо акыркы күнүңүз болбошу керек!". Жалал-Абад милициясы бүтүрүүчүлөргө кайрылды

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чараларын күчөтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Анда милиция мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 25-май акыркы коӊгуроо салтанатын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга катуу тыюу салынарын эскерткен.

"Кандайдыр-бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт. Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш коюнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу салынат.

Акыркы коңгуроо сиздин акыркы күнүңүз болбошу керек. Ойлон, жашоо бир келет! 25-майда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат. Шаардык эс алуучу жайлардын бардыгы милициянын көзөмөлүндө болот", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан