Курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын биринчи кабаттары бала бакча болушу мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 20 маселени карашты, алардын көбү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталды.

Кабыл алынган чечимдердин бири Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө маселе болду.

Мындан тышкары жыйында 2024-жылга карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы бекитилди. Планда ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарындагы 40 долбоор камтылган.

Өкмөт мүчөлөрү Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №32 “Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды колдоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорун бир добуштан колдошту.

Чечим мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө пайда болгон пикир келишпестиктерди чечүүдө инвесторлорго жардам көрсөтүү жана колдоо көрсөтүү механизмин өркүндөтүүгө багытталган.

Ошондой эле Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага борбор калаанын автобекеттеринде калкты тейлөөнүн көчмө борборлорун уюштуруу боюнча, министрликтердин тиешелүү жетекчилерине - лыжа кластерин ишке ашыруунун долбоорун Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынына киргизүүнү, ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевге курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын биринчи кабаттарына бала бакчаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан