10-майда Санкт-Петербургда жүргүнчүлөрү бар автобус Мойка дарыясынын жээгинде эки жеңил унаа менен кагышып, андан кийин ал сууга кулап кеткен. Соңку расмий маалыматтарга караганда, жети адам набыт болду.
Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (транспорт каражатын башкаруу эрежелерин бузуу менен байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери шектүү катары автобустун айдоочусун кармап, суракка алышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.
Жабырлануучулардын бири, ооруканада жаткан 56 жаштагы Александр Тверитневдин "Известияга" айтымында, автобус кулагандан кийин кабинага суу дээрлик толуп калган. Аны дарыя жээгинде кайыкта жүргөн, жардамга келген Дагестандын жарандары кабинадан алып чыгышкан.