Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы 15 студентине 20 миң сомдон стипендия тапшырды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, эки окутуучуга илимий ишмердүүлүгүн колдоо багытында 100 миң сомдон каржылык көмөк көрсөттү.
Жолугушууда студенттер да сөз сүйлөп, тапшырылган стипендия мыкты окууга шыктандырарын жана келечекте мамлекетке керектүү адистерден болуу максаттары бар экенин кошумчалашты.