Кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Тажикстандын Бустон шаарында 5-11-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда тараптар чек аранын чечиле элек аймактары боюнча сунуштарын беришти. Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт жана сүйлөшүүлөр уланат.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан