Биз социалдык тармакта

Ош облусунда 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Ноокат районуна караштуу Кара-Кокту айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен каражат бөлүнгөн. Курулуштун наркы 75 миллион 58 миң сомду түзөт. 2024-жылдын иш планына 5 миллион сом каралып, толук каржылоо ачылган.

Пландык долбоордо объектинин жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзүп, окуу имараты 2 кабаттан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан