Чолпон-Ата шаарында көл жээгине жөө адамдар менен велосипедчендер үчүн 15 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Акылбек Жапаров шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландарга токтолду. Тактап айтканда, шаар менен Кара-Ой, Бостери айылдарында канализация жана насостук станцияларды куруу, Чолпон-Ата шаарында жаңы заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу пландалууда.
"Чолпон кыз" сейил багы реконструкцияланып, заманбап талаптарга жооп берген ачык асман алдындагы петроглиф музейинин инфраструктурасы түзүлөт. Алыкул Осмонов жана “Жеңиш” атындагы парктарды куруу да пландалууда", - деп айтылат маалыматта.