"Кимиси күчтүү?" Жогорку Кеңештин депутаттары өз ара футбол ойноду

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары жана Аппарат кызматкерлери арасында түзүлгөн командалар ортосунда кичи футбол мелдеши өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага Нурланбек Шакиевдин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чарага жалпы сегиз команда катышты.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев бул мелдештер алдыда болчу республикалык жана эл аралык таймаштар үчүн мыкты оюнчуларды тандоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп, бардык катышуучуларды жигердүү ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Натыйжада “Аппарат” командасы биринчи орунду багынтса, экинчи орунду “Альянс – Бүтүн Кыргызстан – Бир мандаттуулар” курама командасы, үчүнчү орунду “Ишеним – Ыйман нуру” курама командасы менен “Ынтымак” командасы алды.

Жеңүүчүлөргө кубоктор жана медалдар ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан