Казак дипломатынын аялы күйөөсүнүн кыйноолорунун чоо-жайын айтып берди

Коңшу Казакстандын БАЭдеги элчилигинин кеңешчиси Сакен Мамаштын жубайы КТК телеканалына дипломат күйөөсү тарабынан көп жылдык кыйноолордун чоо-жайын айтып берди.

Карина Мамаш күйөөсү тарабынан 10 жылдан бери системалуу түрдө ур-токмокко алынганын 6-майда социалдык тармактар ​​аркылуу жарыялаган. Азыр жаш келин балдары, эжеси жана апасы менен Астанадагы кризистик борбордо.

"Азыр өзүмдү коопсуз сезем. Балдарым, апам, эжем жанымда. Мен көп жылдар бою коркуп жашагандыктан чыдабай калдым. Мен эч жакка кайрылган жокмун. Акыркысында анын туугандары мени мурдумду түздөтүү үчүн ооруканага алып барышты. Албетте, алар мени эч нерсе айтпайт деп ойлошкон. Мен кетем деп айткан жокмун. Мен бардык айыптоочу далилдерди интернетке чыгарам деп айттым. "Сен мени сабаганыңды токтотпосоң камаласың" дедим. Ал күлүп, "мага баары бир" деди", - деген Карина Мамаш.

Анын айтымында, күйөөсү аны эле эмес, аларга конокко келген эжесин да сабап салган. Башына тийген катуу соккудан кийин Карина көк ала болуп, көрүүсү дагы начарлай баштаган.

Карина үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу анын жакын достору гана билгенин айтып, баарын үй-бүлөсүнөн жашырган. Ошону менен бирге, ур-токмок үйлөнгөн күндөн тартып эле башталганын айтты. Ал көбүнчө күйөөсү мас болгондо кол көтөрүп келгенин кошумчалады.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сакен Мамашты чет өлкөдөн тез арада чакыртып алды. Астана полициясы кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан