Ооганстанда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 300дөн ашты. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.
Ооганстандын Баглан провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 300дөн ашуун адам селдин курмандыгы болуп, 1000 үй кыйрап калган. Уюм селден жабыркаган аймактардын тургундарына жардам бөлүштүрүлгөнүн белгиледи.
Ал арада Ооганстандын метеорология департаменти Бадахшан, Тахар, Баглан, Панжшир, Лагман, Кунар, Нуристан жана Нангархар провинцияларында катуу жаан жаай турганын эскертти.
Катуу суу ташкындары өлкөнүн ар кайсы аймактарында, негизинен Баглан, Гор, Бадахшан, Тахар жана Герат провинцияларында байкалууда. Жабыркагандардын саны көбөйөт деген кооптонуулар бар.
Буга чейин ооган бийлиги селден жабыркаган аймактарга чукул жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.