Бүгүн, 12-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында көркөм окуунун чебери, коңур үндүү Өзгөрүш Абакировдун поэзия кечеси өтүп жатат.
Кечеде Абакиров классик акындар Алыкул Осмонов, Турар Кожомбердиевден тарта, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов жаш акындар Максат Жангазиев, Акбар Кубанычбек уулу, Бердибек Жамгырчиевдин ырларын музыканын коштоосунда аткарууда.
Иш-чарада поэзия күйөрмандарына көркөм окуу чеберлери Бермет Айдарова, Роза Рысбек, Раиса Акылтай кызы да лирикалык ырларды көркөм окуп, кечеге келгендердин алкышына татыды. Мындан тышкары самаалыкта ырчылар Бек Исраилов, Мыктыбек Нурланбеков өз чыгармаларын тартуулады.
Өзгөрүш Абакиров 2017-жылдан бери радио тармагына аралашып, учурда “Миң кыял” радиосунда эмгектенет. Мындан сырткары ал жарнамаларды, кадр сыртындагы тексттерди окуу менен алектенет. Ал акыркы төрт жылдан бери социалдык тармактарда кыргыз акындарынын ырларын окууга басым жасап, өз окурмандарын топтоп келе жатат.