Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев мезгилсиз дүйнө салды. Маалыматты SUPER.KG порталына ырчы Чыңгыз Мырзаев ырастады.
Анын айтымында, Сагыналиев оорунун айынан каза болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин ырчы боорун алмаштырууга муктаж болуп, чет өлкөгө чейин барып келген. Ага донор чыкпай жатканы айтылган болчу.
Ырчы 1984-жылы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылында туулган. Ал "Өтүнүч" аттуу ыры менен калың элге таанылган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Рустам Сагыналиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.