Бүгүн, 13-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй облусунда +23...+28;
Талас облусунда +22...+27;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында +25...+29;
Ысык-Көл облусунда +18...+23;
Нарын облусунда +17...+22 градус жылыйт.
Бишкек шаарында +25...+27 градус жылуу болот.