
Бишкекте 15-16-май күндөрү "Россия" кинотеатрында Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул боюнча маалыматты Маданият министрлиги таратты.
Маалыматка ылайык, ар бир тасманын соңунда авторлор менен тасманы талкуулоого да мүмкүнчүлүк болот.
Программа
15-май
- 18:30 - "Абдулла Орипов" (режиссёр М.Эркинов)
16-май
- 16: 30 - "Стойкость" (режиссёр Р.Маликов)
- 18:10 - "Өзбек кызы" (режиссёр А.Бектурдиева)
Эскерте кетсек, бардык көрсөтүүлөр акысыз.