Эми WhatsApp мессенжеринде башка бирөөнүн профилин скриншот кылууга болбойт

WhatsApp профиль сүрөттөрүн скриншоттордон коргоо үчүн жаңы функцияны ишке киргизет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

iPhone уюлдук телефонунда WhatsApp мессенжеринин бета версиясында башка бирөөнүн профилинен сүрөттөрдү скриншоттоп алуу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөөчү функция бар. Колдонуучуга купуялуулукка байланыштуу бул мүмкүн эместиги эскертилет.

Бул жаңы киргизилген функция Android жана iOS үчүн бета версиясында ишке ашырылды.

Аталган функция башка бирөөнүн профилдик сүрөтү ээсинин макулдугусуз сакталып калбашы үчүн иштелип чыгууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан