Бүгүн, 13-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 157 миллион метр кубду түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка таянсак, учурда суунун агып кирүүсү секундасына 1322 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 87 метр кубду түзүүдө.
Белгилей өтсөк, былтыр, 13-майга карата суунун көлөмү 8 миллиард 180 миллион куб метрди түзгөн.