Кечээ, 12-майда Бишкектеги Жаш Гвардия-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астында жаандан улам суу толуп калган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ал жерден унаалардын номерлери табылганын билдирди.
Буга байланыштуу ЖКККББы айдоочуларга кайрылып, номерлерди Ала-Арча көчөсү, 74а жана Горький, 20 (ЖКККББ) даректеринен алып кетсе болорун маалымдады.

