Кечээ, 12-майда саат 20:42де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Карамык айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 110 километр түштүк-чыгышта сезилди.
Ага ылайык, жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу пункттарында сезилген жок.