Нарын дарыясынын жээгинен дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издөөгө 135 адам чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, издөө ишине №16, 47 ӨКБдан жалпы 35 куткаруучу 1 дрон, авариялык куткаруу жана КамАЗ унаасы менен тартылды. Ал эми ИИМден 90 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам издөөгө чыгышты.
Кошумча маалымат берилет.
Эске салксак, кечээ, 12-майда Нарында Нарын дарыясынын жээгинен 2019-жылы туулган Ж.Р. аттуу кыз изделип жаткандыгы белгилүү болгон.