Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде жүк ташуучу автотранспортторду мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Кабарлангандай, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) бажы алымдарынан нарктын 10 пайыз төмөндөтүлгөн бааны колдонот. Ал эми ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб сантиметр үчүн 1 еврону түзөт.
“Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде 3 миңден ашык өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаалар катталгандыгы аныкталды. Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейинки сумманы түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Анын алкагында, коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары улантылууда.