Брюсселдеги ишкер Жемил Сойсал Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 500 миң сомдон ашык суммага компьютер белек кылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ишкер Бельгияда төрөлүп өскөн, бирок ага карабастан түрк тамырын унуткан эмес. Ал "Манас" эпосу жана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аны өзгөчө шыктандыргандыгын баса белгиледи.
Буга байланыштуу бельгиялык ишкер кыргыз интеллигенциясынын биринчи плеядасынын өкүлү Абжалбек Чолпонкуловдун ысымын алып жүргөн Талас мектебин тандаган.
"Келечекте Жемил Сойсал Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги менен биргеликте мындай акцияларды дагы өткөрүп турарын айткан", - деп айтылат маалыматта.