Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөрдү каттоодо убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди

"Манас" эл аралык аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы убактылуу 2-кабатка көчүрүлдү. Бул жөнүндө аэропорттон маалымдашты.
Мындай чара катталуу аймагында кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.
"2-кабаттан каттоодон өткөндөн кийин жүргүнчүлөр 1-кабатка түшөт. Ал жерден учуу алдындагы текшерүүдөн өтүп, андан соң учакка түшүшөт", - деп билдиришти мекемеден.
Ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрүнүн жүктөрү С секторунда (эл аралык авиакомпаниялар үчүн багажды кабыл алуу залында) берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан