Салык кызматы 4 айда 15 миллиард 374,6 миллион сом ЕАЭБдин алкагында импортко кыйыр салыктар жыйналды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 960,3 миллион сомго көп болуп, өсүү ыргагы 106,7 пайызды түзгөн. Көрсөтүлгөн сумманын 12 миллиард 259,5 миллион сому кошумча нарк салыгынан (КНС) жана 3 миллиард 115,1 миллион сому импорттук акцизден түшкөн.
"Салык кызматы ЕАЭБ алкагында кыйыр импорттук салыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн электрондук коштомо кагаз, "Жыйынды пост", "Ички пост" жана "Контрабанданы контролдоо" маалыматтык системалары сыяктуу заманбап санариптик куралдарды киргизүүдө. Ошондой эле импорттоочуларга салык органдарына отчётторду жана арыздарды жөнөтүү боюнча онлайн сервистер жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аталаган кызмат өлкөдө товарларды эсепке алуу боюнча 27 пункт жана 3 ички пост иштеп жатканын кошумчалады.