Биз социалдык тармакта

"Баасы 192 миллион доллар". Түптөгү "Каркыра" комплексинин курулушу башталды

Түп районунунда "Каркыра" экошаарчасынын курулушунун 1-этабы башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, президенттин алдындагы инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктин төрагасы Талант Иманов, президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Түп районунун акими Каныбек Адиевдер катышкан.

"Каркыра" комплексинин жетекчиси Константин Куценконун айтымында, жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги тоо-эс алуу комплексинин курулуш иштери алты этаптан турат.

"Долбоордун концепциясында 5 миңге чейин адам эс алууга ылайыкталып, жалпы сметасы 192 миллион долларды түзөт. Лыжа тебүү трассаларынын жалпы узундугу 100,7 чакырым болсо, асма жол 20,7 чакырым болмокчу", - деп белгилеген ал.

Ошондой эле облус өкүлчүлүгүнүн маалыматында комплекстин саркынды сууларды чыпкалоо жана жылытуу системаларында инновациялык технологиялар колдонулары кошумчаланат.

Эске салсак, былтыр 6-декабрда президенти Садыр Жапаров аталган комплекстин долбоору менен таанышып, жалпы курулуш иштерин баштап берген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан