Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгуну Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады. Путин башка жарлыгы менен Николай Патрушевди бул кызматтан бошотту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин Коргоо министри кызматына Андрей Белоусовду сунуштады.
65 жаштагы Белоусов Владимир Путиндин экономикалык маселелер боюнча жардамчысы, Орусиянын экономикалык өнүгүү министри болуп иштеген.
2020-жылдын 30-апрелинен 19-майына чейин Михаил Мишустин коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылган маалда Белоусов Министрлер кабинетинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.