Бүгүн, 13-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев орун басарлары менен биргеликте атайын бөлүктүн курман болгон жоокерлерин эскерүү максатында "Альфа" атайын багыттагы кызматына барды.
Анда УКМК төрагасы атайын кызматка сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдуулар менен таанышты.
Белгилей кетсек, «А» атайын кызматы ар дайым жаңы заманбап курал-жарак жана техника менен жабдылып турат.
12-майда "Альфа" атайын кызматы тарабынан каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. Анткени 2006-жылы 12-майда "Альфа" атайын кызматы алгачкы аскердик жоготууларга учураган.