Арменияда Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган 134 демонстрант кармалды

Бүгүн, 13-майда Армениянын полициясы премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган жүрүшкө чыккандарды кармай баштады. Учурда 134 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматта айтылгандай, 4-май архиепископ Баграт Галстанян жетектеген жүрүш Армениянын Тавуш обусунан башталган. Демонстранттардын катарын чиркөөлөрдүн епархия башчылары да толуктаган.

Мындан тышкары маалыматта алар армян-азери чек ара тилкесиндеги талаштуу жерлердин Азербайжан тарапка өткөрүп берүү келишимине нааразы экендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан