Бүгүн, 13-майда өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Малайзиянын элчиси Ильхам Туа Бин Иллиастан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Билдиргендей, Атаханов Ильхам Туа Бин Иллиасты Кыргызстанга элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле ал жаңы элчинин дайындалышы кыргыз-малайзия мамилелеринин өнүгүшүнөн жана андан ары активдешүүсүнөн кабар берерин белгилеген.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Малайзиянын премьер-министри Ибрагим мырзанын Кыргызстанга боло турган расмий сапарын уюштуруунун даярдыктарын, саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык байланыштарды жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү боюнча, эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.