Ысык-Көлдө пирстин үстүнө салынган мончо буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Мамлекеттик курулуштун бузууга берген билдирүүсүнүн негизинде Сары-Ой айылындагы "Азия Палас" пансионатындагы пирстин үстүнө салынган мончо өз ыктыяры менен бузулууда.