Бишимбаевдин соту: Салтанат Нукенованын атасы билдирүү жасады

Казак министри Куандык Бишимбаев сабап өлтүргөн Салтанат Нукенованын атасы Амангелди Нукенов соттун чечимине комментарий берди.

Бүгүн, 13-майда судья Куандык Бишимбаевге өкүм чыгарды. Ал күнөөлүү деп табылып, 24 жылга эркинен ажыратылды. Соттук отурумдан кийин журналисттер маркумдун атасына кайрылып, соттун чечими боюнча суроо салышты.

"Биздин адвокаттарга рахмат, Айжанга (ред. судья Айжан Кульбаева) рахмат, соттун чечимине ыраазыбыз, бардыгыңыздарга рахмат", - деди Амангелди Нукенов.

Маркумдун атасынын айтымында, судья туура чечим чыгарган жана алар ушундай чечимге даяр болчу.

"Биз бул чечимге даяр болчубуз. Бул ишти ички иштер министрлиги менен прокуратура судьяга чийки түрүндө беришкен. Сотто Бишимбаев эмне болгонун баарыбыз көрдүк. Сотко жана адвокаттарга ыраазычылык билдирем”, - деди Амангелди Нукенов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан