Өлкөдө жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды  

Бишкекте жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, катышуучулар төмөнкү салмактарда күч сынашууда:

Балдар арасында 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 килограмм;
Кыздар арасында: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 килограмм.

"Аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда",-деп айтылат маалыматта.

Мелдештин жыйынтыгы бүгүн, 14-майда чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан