Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде өлкөдө түрк компаниясы тарабынан тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, бирок так датасын жана кайсы аймакка куруларын тактаган жок.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Түркиянын “Akplas Plastik San. Ve Tic. A.S.” (Akplas компаниясы) компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин бул жаатта кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Анда Akplas компаниясынын өкүлдөрү өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда компаниянын потенциалы тууралуу маалымат берип, тармактагы 35 жылдык тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.
Белгилүү болгондой, тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушуна инвестициялык макулдашуудан кийин биринчи этап менен 10 миллион доллар инвестиция салынат. Курулуш иши толук сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Завод курууга жалпы аянты 10 гектар жер керектелет.
Акылбек Жапаров өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерге мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, бардык маселелер кыска убакыттын ичинде комплекстүү чечилиши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.
Ал эми Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сууну натыйжалуу колдонуу зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн бардык райондорунда бул система ишке ашырыларын жана суу ресурстары тармагындагы бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, ага улуттук долбоор макамы берилерин кошумчалады.
Өз кезегинде Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин мамлекеттин колдоосу болуп турса, компания кыска убакыттын ичинде натыйжа көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле компания алгачкы этапта дыйкандарды окутуу иштерин жүргүзүүнү өзүнө алат.